• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Тазалык» жана «Бишкекжашылчарба» ишканалары үчүн жаңы техника алынды

Коом 0

Бишкек, 08.01.24. /Кабар/. «Тазалык» жана «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканалары үчүн жаңы атайын техника сатып алынды.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, «Тазалык» ишканасы үчүн борбор калаанын көчөлөрүндө карды тазалоо үчүн техника сатылып алынды. Сатып алуу үчүн каражат Бишкек мэринин резервдик фондунан бөлүнгөн. Биринчи партия борборго алынып келип, ишке киришти.

Мындан тышкары, «Бишкекжашылчарба» ишканасына самосвал, экскаватор, ошондой эле 18 метрлик жана 22 метрлик эки автомунара сатып алынган.

Пикир

Оставить комментарий