• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда эпидкырдаал туруктуу – Саламаттык сактоо министрлиги

Ден соолук 0

Бишкек, 08.01.24. /Кабар/. Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ), сасык тумоо жана коронавирус боюнч эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ыкчам маалыматына ылайык, 2023-жылдын 52-жумасына (и.к. 194,5) салыштырмалуу 2024-жылдын 1-жумасында (01.01-07.01.2024-ж.) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 8201 учуру (и.к. 116,3) катталды, б.а. - 40,2% төмөн. Ооругандардын ичинен 72,2%ын (5961 учур) 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Октябрдан тарта 1 миң 315 оорулуудан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнун жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү менен негизделет.

Мындан сырткары, курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы да байкалууда, алардын ичинен көбүрөөк риновирус 35,4%, респиратордук-синцитиалдык вирус 24,2%, парагрипп 20% жана башка вирустар 20,4% түзөт.

Оорунун жогорку көрсөткүчү Бишкек, Ош шаарларында жана Чуй облусунда катталды, и.к. 200,7; 194,0 жана 208,4 түздү.

Республика боюнча КРВИ, сасык тумоо жана COVID-19дун эпидемиологиялык кырдаалына мониторинг жүргүзүү уланууда. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча ар жума сайын 2ден 6 учурга чейин катталып, эпид кырдаал туруктуу деп бааланууда.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 206 миңден ашуун COVID-19 оорусунун учурлары катталып, алардын ичинен 2023-жылы 491 учур катталды (100 000 калкка инт. көрс. 6,8)

Октябрь айынан тарта бардык саламаттык сактоо уюмдарында карантин жана бет кап тагынуу режими киргизилген.

Эпидсезондун башталышы менен калк арасында беткап тагынуу, антисептик колдонуу сунушталат. Мектепке чейинки курактагы, окуучу балдар арасында оорунун белгилери пайда болгон учурда мектепке, мектепке чейинки мекемелерге жибербей, өзүн-өзү дарылабастан, оорунун өтүшүп кетишин болтурбоо максатында туура медициналык жардам алуу үчүн медициналык уюмдарга кайрылуу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий