• 88.68
  • 95
  • 0.95

Саламаттык сактоо министри Бишкектеги №1 төрөт үйүндө болду

Ден соолук 0

Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы №1 төрөт үйүндө болду.

Министрликтен билдиришкендей, анда министр капиталдык оңдоодон өткөн операциялык, кабыл алуу жана реанимация бөлүмүнүн иши менен таанышты. Жалпысынан оңдоо иштерине 4 млн сом бөлүнгөн.

Төрөт үйүнүн башкы дарыгери Замира Матубраимова алардын мекемеси борбордогу эң алгачкы төрөт үйү экенин, имарат 1939-жылы курулганын белгиледи.

Төрөт үйүндө жылына 5-5,5 миңге жакын бала төрөлөт. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында 4620 бала төрөлсө, анын 273ү ара төрөлгөн, 78и эгиз. Ошондой эле сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн тиешелүү шарттарды камсыз кылуу үчүн ири көлөмдөгү жабдуулар сатылып алынды, анын ичинен: 6 керебет мониторлору, 6 түйүлдүк мониторлору, 1 операциялык стол, неонаталдык инфузоматтар, буу стерилизатору, кургатуучу меш, биохимиялык жана гематологиялык анализаторлор, коагулометр.

«Жыл сайын жашоочулардын саны көбөйүп, ага жараша кайрылуулардын саны да көбөйүүдө. Ал эми биздин төрөт үйүнүн аймагына дагы жаңы имарат курулса абдан жакшы болмок», - деди башкы дарыгер.

Министр кызматкерлерди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди, биримдикти каалап, медицинага кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле төрөттүн жыл сайын көбөйүшүнө байланыштуу энелерге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзө турган жаңы заманбап имарат куруу зарылдыгын баса белгиледи.

Ал төрөт үйүнүн башкы дарыгерине маселени мындан ары чечүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигине жаңы имарат куруу долбоорун сунуштоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий