• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында "Масленица" майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы К.Токтомаматов атындагы эл аралык окуу жайында славян элинин “Масленица” майрамы белгиленди.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, өткөрүлгөн иш-чарага Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, Россиянын консулу К.Бахтин, А.Егерева, Славян диаспорасынын өкүлдөрү, мугалимдер жана шаар тургундары катышты.

Майрамда келгендерге үрп-адат, оюн-зоок, ыр-бий, куймак жана улуттук даамдар тартууланды.

Масленица майрамы - славян элинин кыш мезгилин узатуу жөрөлгөсү катары жаз мезгилинин алгачкы күндөр өтүп келет.

Пикир

Оставить комментарий