• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагында милициянын көчмө кабылдамасы иш алып барууда

Аймак 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагында милициянын көчмө кабылдамасы иш алып барууда. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Араван РИИБинин көчмө кабылдамасы Ош облусунун Араван районундагы Тоо-Моюн айыл аймагынын Керкидан, Эсенбай, Сырт, Найман, Достук, Жеке-Мисте, Акшар, Ынтымак, Жаштык, Сары-Таш, Авиз айылдарына барып элдердин ой-пикир арыз-муңдарын угуп, көйгөйлүү маселеси тууралуу арыз-даттанууларын кабыл алышты.

Аталган айылдын жашоочулары тарабынан суу маселеси, турак жай салганы жер тилке, электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы, турак жайды документтештирүүдөгү кыйынчылыктар жөнүндө маселелер айтылды.

Төө-Моюн айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан чек арага жакын жашаган элдер менен кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий