• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто мамлекеттик кызматкерлердин 52% гана үйлөрүн камсыздандырган

Аймак 0

Ош, 04.12.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарында жайгашкан мекеме- ишканаларында эмгектенген кызматкерлердин жалпы саны 14 495 кызматкерди түзсө, алардын ичинен 2017-жылдын 1-декабрына карата турак жайларын камсыздандыруу полистерин алгандардын саны 7537 кызматкерди түзгөн. Бул тууралуу турак-жайларды камсыздандыруу боюнча өткөн жыйында Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров билдирди.

Анын айтымына караганда, Ош шаарында бүгүнкү күндө болжол менен 57 миң турак жай бар болсо, анын ичинен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ош шаарынын филиалы тарабынан ушул жылдын октябрь айына берген маалыматына ылайык жалпы 3591 турак жай камсыздандыруу полисин алгандыгы, башкача айтканда 6,0 пайызды гана түзөөрү аныкталган.

Жыйындын жүрүшүндө каттуу талаптар коюлуп, турак жайларды камсыздандыруу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш-алып баруу тапшырмалары берилди.

Пикир

Оставить комментарий