• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК Алай районундагы баасы 65,3 млн сомдук автобекетти мамлекетке кайтарды

Аймак 0


Бишкек, 19.04.24. /Кабар/. Алай районунда базар баасы 65 млн 350 миң сомду түзгөн борбордук автобекет мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан мыйзамсыз түрдө жеке менчикке чыгарылган шаарлардын жана райондордун инфраструктуралык объекттерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Гүлчө а/а жайгашкан , мурда "Гүлша-автобекети" мамлекеттик акционердик коомуна таандык болгон борбордук автобекет өз убагында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталды.

Тиешелүү текшерүүнүн жүрүшүндө «Гүлша-Автобекети» мамлекеттик акционердик коомунун жооптуу адамдары, өздөрү тиешелүү болгон мамлекеттик ишкананын акцияларынын 70% ын, жалпы аянты 0,42 гектарга жакын жер тилкесин жана 135 чарчы метрди түзгөн административдик имаратын сатып жиберген.

Мындан тышкары, ушул эле адамдар Гүлчө айыл аймагынын кызмат адамдары менен ич ара сүйлөшүп алып, 2015-жылы укук белгилөөчү документтерди алышкан. Аталган автобекет учурда коомдук базар катары иштеп, соода түйүндөрүн ижарага берүүдөн ай сайын 500 миң сомго жакын киреше жеке чөнтөккө түшүп турган.

Мындай фактор объекттин максаттуу багытына түзмө-түз карама-каршы келип, калктын жана такси айдоочуларынын терс мамилесин пайда кылган, алар автобекеттин жоктугунан Алай районунун Гүлчө айыл аймагынын ар кайсыл көчөлөрүндө автостанциялардын башаламан түйүндөрүн уюштурууга аргасыз болушкан.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жана тергөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада 0,42 гектар жер тилкеси менен борбордук автобекет жана 135,0 чарчы метрди түзгөн административдик имарат ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды.

Борбордук автобекеттин базар баасы 65 миллион 350 миң сомду түзөт.

Белгилей кетсек, мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий