• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кочкор районунда 250 орундуу мечит пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон аймагындагы Ак-Чий айылында 250 орундуу “Кожомкул уулу Белек молдо” атындагы мечит пайдаланууга берилди.

Муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мечит Катар кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен курулган.

Саамалыкка айыл башчысы Аскер Алкожоев, Чолпон айылынын жооптуу катчысы Алтынбек Качкынбеков, Кочкор районунун имам-хатибинин орун басары Рахат Карабашов жана айыл тургундары катышып, демөөрчүлөргө ыраазычылыктарын айтышты.

Маалымат үчүн: Кожомкул уулу Белек молдо 1930-жылдары Бухара өрөөнүнөн илим алып, ал жакта имамчылык кылуу менен бирге элди жакшылыкка үндөп келген. Ал алган билимин калайык калкка арнап, калк башында туруп, артынан эл ээрчиткен аалымдардан болгон.

Пикир

Оставить комментарий