• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 13-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Грек-рим, эркин жана аялдар күрөшү боюнча Азия чемпионаты ушул күндөрү Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат.

А.Тыныбекова 58 кг чейинки салмак категориясында күрөшүп жатат. Ал чейрек финалдан баштап, Казакстандык Гульшахарат Талассованы жеңген. Жарым финалда А.Тыныбекова япониялык Катсуки Сакагамини жеңди. Эми финалда турнирдин кожойкеси Сарита Сарита менен беттешет.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама командасынын эсебинде 2 коло медаль бар. Аларды грек-рим күрөшү боюнча Нургазы Асангулов жана Самат Шырдаковдор алган.

Пикир

Оставить комментарий