• 88.68
  • 95
  • 0.95

Хоккей: Кыргызстан Дүйнө чемпионатына катышмак, бирок буга чейинки төрт жеңиш жокко чыгарылды

Спорт 0

Бишкек. 08.04.19 /Кабар/. Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Дүйнө чемпионатына биринчи жолу катышууга мүмкүнчүлүк алган, бирок тайпадагы жеңиштеринин баары жокко чыгарылды.

Эске салсак, 31-марттан 6-апрелге чейин Абу-Даби шаарында алты команданын катышуусунда – Кыргызстан, Таиланд, Кувейт, Босния жана Герцеговина, Гонконг жана Бириккен Араб Эмираты – Дүйнө чемпионатына тандоо турунда ойношкон.

Өз тайпасында Кыргызстан бардык оюндарында жеңишке жетип, биринчи орунду ээлеп, Дүйнө чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алган.

Акыркы беттеште Кыргызстан тайпада экинчи орунда келе жаткан Бириккен Араб Эмиратын (БАЭ) 7:4 эсебинде утуп алган.

Бирок БАЭ Хоккей боюнча эл аралык федерацияга арызданып, Кыргызстандын курамында ойногон Александр Титовдун (Титов Кыргызстанда төрөлгөн) мурда Россияда ойноп келгендиги айтышкан.

Хоккей боюнча эл аралык федерация Кыргызстанга 4 техникалык жеңилүүнү жазып, оюнчу Александр Титов четтетилген.

Ошентип Бириккен Араб Эмираты тайпада биринчи орунду ээлеп, Дүйнө чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алды. Ал эми Кыргызстан акыркы орунду ээлеп калды.

Кыргызстандын хоккей боюнча федерациясынын башчысы Анвар Оморканов социалдык тармактагы бул окуя тууралуу пикирин жазып, окуянын чоо-жайын түшүндүрдү.

Анын айтымында, турнирлердин алдында Хоккей боюнча эл аралык федерациясы ар бир оюнчуну текшерип, оюнга катышууга уруксат берет. Бизде дагы ошондой болгон, текшерип анан уруксат беришкен.

Оморкановдун айтымында, Кыргызстан Бириккен Араб Эмираты менен тайпада биринчи орун үчүн ойномок. Бирок арабтар кыргыздардын бир оюнчусуна арызданып, ал Россияда ойногон деп айтышты. Арабтар болсо беларусиялык хоккейчилерди өз командасына кошуп алышкан. Бирок Хоккей боюнча эл аралык федерациясы биз ката кетирип алыптырбыз, силердин бир хоккейчиңер ойной албайт экен деген шылтоо менен Александр Титов катышкан беттештерди жокко чыгарды.

"Ал чечимди дагы силер өзүңөр чечип алгыла деп койду. Бизди утулган командалардын баары колдошту, ошентип төрт оюн жокко чыгарылды. Хоккей боюнча эл аралык федерациясы өзүнүн катасын кооз оңдоп кетти", - деди Анвар Оморканов.

"Биз муну жөн калтырбайбыз. Бул чечимди жокко чыгарганга аракет кылабыз", – деди ал.

Пикир

Оставить комментарий