• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда ким кедей эсептелет? - Статистика комитеттин маалыматтары

Коом 0

Бишкек, 08.04.19. /Кабар/. Кыргызстанда кедей деп эсептелген жарандардын көпчүлүгү айыл жергесинде турат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин изилдөөсүндө айтылат.

Мекеменин акыркы эсептөөлөрү боюнча, 2017-жылы республикада калктын 25,6%ы же 1,6 млн. кыргызстандык жакыр деп эсептелген. Алардын ичинен 41 миң киши өтө жакыр болгон.

"Өлкөдө керектөөгө кетирген кирешеси бир адамга жылына 32 миң 93 сом же айына 2 миң 674 сомдон ашпаган жарандар кедейлердин катары кирет. Кирешеси жылына 17 миң 471 сом же айына 1 миң 455 сомдон төмөн болгон жарандар өтө кедей деп саналат", - деп билдирет Статистика комитети.

Белгиленгендей, кедейликтин чеги болгону 5%га өссө (бир адамга айына 134 сом) кедейликтин деңгээли 4,9%га өсүп, 309,3 миң кишини түзөт. 2017-жылы кедей категориясына кирген 1,6 млн. кыргызстандык менен катар калктын 8,8%ы же 550 миң адам кедей болуу чегинде (+/- 5% кедейлик чегинде) турган.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 1990-жылдардын орто ченинде кедейликти кыскартуу боюнча милдеттенмелерди алган. Бул иште, ага эл аралык уюмдар жардам берип келет.

2018-жылы 379 миңге жакын адам мамлекеттик жөлөкпул алса, алардын 96%дан ашыгы 16 жашка чыга элек балдары бар муктаж адамдарга берилген жөлөкпул алышкан.

Пикир

Оставить комментарий