• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

15-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 15-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +3...+8, Талас облусунда +1...+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көл облусунда 0...+5, Нарын облусунда 0...-5 градус болору күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +6...+8 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий