• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эдуард Кубатов: Кыргызстандын желегин планетанын эң бийик чокуларына көтөрүүгө аракет кылам

Коом 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. "Биз спортчулар жана спорттук федерациялардын лидерлери үчүн мамлекет башчысы менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү алдыга жылууга, спортубузду өнүктүрүүгө жана эл аралык аренада өлкөбүздү таанытууга эң мыкты түрткү болуп саналат, анткени биз президент тараптан көңүл бурулуп жатканын жана колдоолорду көрүп турабыз", - деди Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуарт Кубатов "Кабар" агенттигине берген маегинде.

Ошондой эле белгилүү альпинист Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуудан кийинки таасирлери менен бөлүштү.

Кубатов Кыргызстандын альпинизм федерациясынын ишмердүүлүгүнө жана ата мекендик спортчулар катыша турган планетанын эң бийик чокуларына чыгуу көздөгөн ири гималай экспедицияларына көңүл бургандыгы үчүн президентке ыраазычылык билдирди.

"Президент менен жолугушуу жакшы жана позитивдүү маанайда өттү, биз эң сонун таасирлерди алдык. Жолугушууда мен бир катар чокуларга, алгач Лхоцеге (8516 м) жана Макалуга (8480 м) чыга турганыбызды айттым. Мен аларга кычкылтексиз чыгууну пландап жатам. Анан бир аз эс алгандан кийин мен Пакистанга учуп барып, К2 (8611 м) чокусуна чыгууну пландаштырып баштайм, бул эң бийик эмес, бирок дүйнөдөгү эң татаал жана жапайы чоку болуп эсептелет. Аба ырайы мүмкүнчүлүк берсе, кычкылтексиз чыгууга аракет кылам.

Бул үч чоку "Улуу бештикке" кирет, жогоруда айтылгандардан тышкары Эверест жана Канченджунга дагы бул бештикке кирет. 7 миң метр бийиктикке чыгуу физикалык жана аба ырайынын коркунучун алып келет, ошондуктан тоодо ар дайым кыйын. Биз булардын барын кабыл алып, ага даярдык көрүп жатабыз жана мунун баары өзубүз үчүн да, экспедиция үчүн көйгөйлөрсүз өтөт деп ишенебиз", - деди ал.

Федерациянын президенти белгилегендей, 2024-жыл өзгөчө жыл, анткени жакын арада Парижде Олимпиада оюндары өтөт.

"Азыр Кыргызстандын курама командасы аталган Олимпиадага даярдык көрүп жатат жана ата мекендик спортчулар биринчи жолу алтын алат деген божомолдор бар, ошондуктан биздин Гималай жана Каракорумду багындыруубуз олимпиада курама командабызга арналды", - деди Кубатов.

Буга чейин маалымдалгандай, жолугушууда Садыр Жапаров Эдуард Кубатовго Кыргызстандын желегин тапшырды.

Э.Кубатов маегинде туу ар бир эл, мамлекет үчүн чоң ыйык мааниге ээ экенин белгиледи.

"Бизге Кыргызстандын желегин тапшырган президентке ыраазымын жана аны планетанын эң бийик жерлерине көтөрүүгө аракет кылам.

Спортчулар үчүн президенттен желекти өткөрүп берүү чоң символикалык, эмоционалдык, мотивациялык мааниге ээ, ошондуктан биз аны сыймыктануу менен кабыл алдык жана зарыл болгон жеңишке жетүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз", - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий