• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда кадеттер арасында алыш күрөш боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өтөт

Спорт 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында кадеттер арасында алыш күрөш боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Улуттук алыш күрөш боюнча федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 6-7-декабрда Жалал-Абад шаарындагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өткөрүлөт. Таймашка өлкөнүн бардык облустарынан жана Бишкек, Ош шаарынан 15-17 жаш арасындагы кадеттер (кыз жана эркек) катышат.

Балбандар төмөнкү салмак ченинде күч сынашат:

- Эркектер: 30 кг, 35 кг, 40 кг, 45 кг, 50 кг, 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, 80 кг жана 80 кг жогору;

- Кыздар: 35 кг, 40 кг, 45 кг, 50 кг, 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг жана 70 кг жогору.

Биринчиликтин негизинде алыш күрөш боюнда кыздар жана эркектер арасында күчтүүлөр аныкталып, улуттук курамдын катарына кошулат.

Жеңүүчүлөргө диплом, медаль жана баалуу белектер берилет.

Пикир

Оставить комментарий