• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте дзюдо боюнча кадеттер арасында өлкө биринчилиги жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Бишкекте дзюдо боюнча кадеттер арасында өлкө биринчилиги жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Мелдеш 15-16-февралда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өттү.

Мелдештин биринчи күнү ачылыш аземинен кийин кыздар (40 кг, 44 кг, 48 кг, 52 кг) жана балдар (50 кг, 55 кг, 60 кг, 66 кг) арасында төрт салмактык категория боюнча чемпиондор менен байгелүү орундардын ээлери белгилүү болду.

16-февраль күнү калган (кыздар: 57 кг, 63 кг,70 кг+70 кг; балдар: 73 кг, 81 кг, 90 кг +90 кг) сегиз салмакта кармаштар жүрүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Кадеттер арасында өлкө биринчилигине Бишкек, Ош шаарлары жана облустардан болуп 445 спортчу катышты. Анын ичинен балдар - 352, кыздар - 93.

Пикир

Оставить комментарий