• 88.68
  • 95
  • 0.95

КМШ оюндарында Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы күмүш медаль багындырды

Спорт 0

Минск, 13.08.23./Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курама командасы Беларуста өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында күмүш медаль багындырды.

Футбол боюнча мелдештер 6-августтан 12-августка чейин Минск шаарында болуп өттү.

Кыргызстандык футболчулар кечээ, 12-августта Өзбекстандын командасы беттешип, атаандаштарынын дарбазасына 7 ирет гол киргизип, 7:2 эсебинде жеңип чыкты.

Белгилей кетсек, мелдешке жалпы 5 өлкөнүн - Кыргызстан, Россия, Беларусь, Өзбекстан жана Азербайжандын командалары катышкан. Кыргызстандын жаштар курамасы оюн талаасында алгач Россиянын командасы менен беттешип, 3:0 эсебинде жеңилген.

Экинчи беттешинде азербайджандын командасы менен ойноп, 5:2 эсебинде уткан.

Үчүнчү беттешинде Беларустун командасы менен кез келип, 1:1 эсебинде тең чыккан.

Беттештердин жыйынтыгында Кыргызстандын командасы экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль багындырды.

Биринчи орунду Россиянын жана үчүнчү орунду Өзбекстандын курама командалары ээледи.

Эскерте кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынап жатат. 4 августта башталган оюндар 14-августта жыйынтыкталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий