• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда биринчи жолу майыптар арасында шашка боюнча дүйнөлүк чемпионат өттү

Спорт 0

Бишкек, 15.09.22 /Кабар/. 3-15-сентябрь аралыгында Ысык-Көл облусундагы “Аврора” санаториясында майыптыгы барлар арасында 3-дүйнөлүк чемпионат жана 1-командалык дүйнөлүк чемпионат өттү. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “КРнын майыптар арасындагы шахмат-шашка бирикмеси” коомдук уюмунун президенти Эрмек Мукашев билдирди.

Анын айтымында, мелдешке алты өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Польша, Литвадан көрүү, угуу жана таяныч-кыймыл аппаратынан жабыркаган 62 спортчулар катышты.

“Мелдеш Эл аралык майыптар үчүн шашка комитетинин (IDCD) жетекчилиги астында “КРнын майыптар арасындагы шахмат жана шашка бирикмеси” коомдук уюму тарабынан уюштурулду. Бул иш-чара майыптыгы бар адамдар арасында шашканы мындан ары өнүктүрүүгө түрткү берет деп ишенебиз. Мындай иш-чара кыргыз спортчуларынын биринчи жолу катышуусу менен өлкөдө алгачкы ирет өткөрүлүп жатат”, - деди ал.

Майыптар арасында шашка боюнча дүйнө чемпионатынын координатору Дарика Мамытова маалымдагандай, мелдеште россиялык спортчулар 7 алтын, 8 күмүш, 5 коло, өзбек спортчулары 4 алтын, 4 күмүш, 4 коло, казакстандык спортчулар 3 алтын, 2 коло жана Кыргызстан, Польша жана Литвадан келген спортчулар бирден коло алышкан.

Майыптар үчүн эл аралык шашка комитетинин (IDCD) президенти Лешек Петлицкий бир жылдан кийин дагы мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында шашка боюнча Азия чемпионатын Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүү чечими кабыл алынганын белгиледи.

Дүйнөлүк чемпионаттын катышуучусу кыргызстандык Танзиля Халитова мындай чоң мелдешке биринчи жолу катышып жатканын, атаандаштар абдан олуттуу болгонун айтты. “Акыркы

“Акыркы оюн курч өттү. Жеңилип калышым мүмкүн экенин сезип, эркимди бир муштумга чогултуп, жеңдим. Коло медалыма абдан кубанычтамын. Кыргызстан үчүн медаль алганыма сыймыктанам”, - деди ал.

Майыптыгы барлар арасында шашка боюнча Дүйнө чемпиондугунун катышуучусу Шамырбек Ыдырысов көп майыптар үйдө отуруп алып, өзүн таштап жатканын айтты. “Шашка эч кимди чектебейт. Көрүүсү начар адамдар менен көзү азиздер шашка ойногонуна көпчүлүк таң калышат. Алардын тактайды кандай сезип жатканын, комбинацияларды жана бардык кыймылдарды билип, алдыда көп кадамдарды ойлоп жатканын көргөндө таң калдым”, - деди спортчу.

Анын айтымында, шашка эч кимди чектебеген спорт, аны ар ким ойной алат. “Шашкалардын жардамы менен сиз дүйнөнү ача аласыз. Мамлекет жана демөөрчүлөр колдоо көрсөтсө, келечекте чоң иш-чараларды өткөрүүгө болот”, - деп кошумчалады Ыдырысов.

Пикир

Оставить комментарий