• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз дзюдочулары Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште 8 медаль утуп алышты

Спорт 0

Бишкек, 31-март /Кабар/. Кыргызстандык дзюдочулар Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште ар түрдүү жетишкендикте 8 медаль утуп алышты. Бул тууралуу КРнын улуттук дзюдо федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-29-мартта Талдыкоргон шаарында Нооруз майрамына арналган дзюдо боюнча мелдеш өттү.

Бейшенаалы кызы Бегай (52 кг чейин салмактык категорияда) “алтын”, Зирегүл Кадырова (63 кг) жана Даяна Миналиева (+78 кг) “күмүш”, Таалайбек уулу Дөөлөтбек (55 кг), Султанов Бексултан (73 кг), Алмазбеков Орозбек (100кг), Сапарбекова Жибек (52 кг), Нежникова Кристина (+78 кг) “коло” медаль утушту.

Пикир

Оставить комментарий