• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кытайлык бизнесмендер июнда кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн билүү үчүн КРга келишет

Экономика 0

Бишкек, 31-март /Кабар/. 30-мартта Гуанчжоу шаарында КРнын Башкы консулу М.Тентимишов “Бир алкак – бул жол” долбоорунун алкагында бирдиктүү эл аралык логистикалык коридор куруу боюнча конференцияга катышты. Бул тууралуу КРнын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдугу билдирди.

Аталган иш-чарага түрдүү компаниялардын, консулдук корпустардын Кытай Эл Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн негизги логистикалык компанияларынын 300 дөн ашык өкүлү катышты.

Башкы консул М.Тентимишов сөз сүйлөп, Кыргызстан пайдалуу географиялык алкакта жайгашканын, ага байланыштуу Кыргызстандын аймагы Евразия экономикалык биримдигинин рыногуна товарлардын транзити үчүн колдонууга боло тургандыгын белгиледи.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жогорку сапаттагы комплекстүү логистикалык сунуштардын жетишсиздиги бар. Заманбап деңгээлде сервистерди жеткирүү, жүк ташуу жана кампалык сактоого керектөөлөр бар. Ошондуктан, мен Гуандун провинциясынын логистикалык компаниясын Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүгүн Кытайды ЕАЭБ өлкөлөрү менен бириктирген көпүрө катары колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө чакырам”,-деп кошумчалады М.Тентимишов.

Иш-чаранын алкагында анын катышуучуларына “Кыргызстан – Азиянын жүрөгү” аттуу видеоролик көрсөтүлдү.

Иш-чаранын жыйынтыгында 2017-жылы 21-апрелде Гуандун провинциясынын логистикалык ассоциациялары менен бирдикте КРнын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу атайын бет ачар көрсөтүү жана кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн көрүү максатында үстүбүздөгү жылы 26-30-июнда КРга ишкерлердин иш сапарын уюштуруу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий