• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бажы төлөмдөрүнөн 111,1 млрд сом чогултуу пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. 2023-жылга бажы төлөмдөрүнүн күтүлүп жаткан түшүүсү 111,1 млрд сомду түзөт. Такталган божомол 103,3%га аткарылышы күтүлүүдө, же 3,5 млрд көп чогултулат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылга карата бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн болжолу 94,6 млрд сом өлчөмүндө бекитилген. "Бул план үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрында аткарылган. Ал эми 11 айдын жыйынтыгы менен бажы кызматы бекитилген жылдык планды 106,5%га аткарды, же 6,1 млрд сомго көп чогултту", - деди ал.

Исабеков 2023-жылдын 11 айында Кыргызстандын бюджетине ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 23,2 млрд сом алымдар түшүп, болжол 105,8%га аткарылганын кошумчалады.

"Мында 2023-жылдын 11 айында Кыргызстан тарабынан ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө которулган бажы алымдарынын көлөмү 43,8 млрд. сомду түздү. Ошентип, 2023-жылдын 11 айында Кыргызстан алымдарды 20,6 млрд сомго көп которгон", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий