• 88.68
  • 95
  • 0.95

Текебаев: Транспорттук көзөмөлдү күчөтүүнүн жыйынтыгында бюджетке дээрлик 56 млн сом түштү

Экономика 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Транспорттук көзөмөлдү күчөтүүнүн жыйынтыгында үстүбуздөгү жылдын 11 айында өлкө казынасына 55 млн 789 миң сом түштү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев билдирди.

“Былтыркы жылдын ушул эле мезгили менен салыштырганда көрсөткүч 2 эсеге жакшырды”, - деди ал.

Министр белгилегендей, ошондой эле 11 айдын ичинде эл аралык автомобиль ташууларга 90 миң 894 уруксат кагаздары берилип, алардан түшкөн 19 млн 483 миң сом мамлекеттик пошлина толугу менен республикалык бюджетке чегерилген.

Пикир

Оставить комментарий