• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда доллардын курсу кескин түрдө жогорулады

Экономика 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда доллардын курсу кескин түрдө жогорулады. Алсак, доллар 73 сомдон сатылууда, ал эми евро 83 сомдон. Долларды 72,9 сомдон сатып алышууда, ал эми еврону 79 сомдон.

РСК банктын расмий сайтында доллардын курсу 72,9 (сатып алуу) жана 73 (сатуу) сом болууда. KICB`де доллардын курсу 72,9 (сатып алуу) жана 73 (сатуу) сом, евро сатып алуу 80 сом, сатуу - 83,5 сом. DemirBank`та сатып алуу 72,95 сом, сатуу 72,95 сом болууда. Евронун курсу сатып алуу 78,8 сом, сатуу - 80 сом.

Улуттук валютанын курсу өлкөнүн дээрлик баардык коммерциялык банктарында түшкөн. Аны менен бирге КР Улуттук банкынын расмий сайтында курс сакталууда. Долларды сатып алуу - 69,85 сом, сатуу - 69,85 сом. Евронун курсу сатып алуу - 79,37 сом, сатуу - 79,6 сом болууда.

Эске сала кетсек, нефть рыногундагы кырдаалга байланыштуу Россия менен Казакстанда рубль жана тенгенин баасы түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий