• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жыл башынан бери өнөр жай продукциясынын көлөмү 207 млрд сомду түзгөн

Экономика 0

Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь-июнунда өнөр жай продукциясынын көлөмү 207 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын маалыматына караганда, бул 2022-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу текстиль өндүрүшүндөгү, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын (38,5 пайызга), фармацевтикалык продукциялардын (26,4 пайызга), химиялык продукциялардын (22,0 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүдөгү, полиграфиялык ишмердиктин (19,8 пайызга), резина жана пластмасса буюмдарын, курулуш материалдарын өндүрүүнүн (16,9 пайызга), тамак-аш (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (10,0 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун (6,1 пайызга) көлөмдөрүнүн жогорулашынын эсебинен 0,4 пайызга көбөйдү.

Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдүн өсүшү 11,2 пайызды, айыл чарбасында 2,5 пайызды, дүң жана чекене соодада 17,8 пайызды түздү.

Пикир

Оставить комментарий