• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстанда жыл башынан тарта 4,8 миң батир жана үй пайдаланууга берилди

Коом 0

Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан тарта 4,8 миң батир жана үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Керималиеванын маалыматына ылайык, алардын жалпы аянты 506 миң метрден ашуун.

Комитеттин төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, мындан тышкары республика боюнча 243 орундуу 4 мекеме пайдаланууга берилди. Анын ичинен Ысык-Көл облусунда 60 орунга, Ош облусунда 80 орунга, Чүй облусунда 103 орунга ылайыкталган.

“Ошондой эле 506 орундуу үч мектеп жана бир кошумча имарат ишке киргизилди. Жалал-Абад облусунда 326 орунга, Ысык-Көл облусунда 30 орунга жана Ош облусунда 150 орунга ылайыкталган”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий