• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

69 жыл мурда Бишкекте алгачкы троллейбустук каттам иштеп баштаган

Коом 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. 1951-жылы – 69 жыл мурда 13-январь күнү Бишкекте алгачкы троллейбустук каттам иштеп баштаган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Биринчи каттамга чыккан троллейбусту Николай Тагильцев аттуу айдоочу айдап, ал "Фрунзе атындагы темир жол бекети – Свердлов көчөсү" (учурда Илимдер академиясы жактагы айлампа) боюнча жүргөн.

"Шаар ичинде баары болуп 4 троллейбус иштеп, алар жыл ичинде 3 миңден ашык жүргүнчүнү ташыган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Бишкек троллейбус башкармалыгында 183 троллейбус бар, алар 11 каттам боюнча каттайт.

Азыркы тапта ишканада 713 адам иштейт. Алардын 100дөн ашыгы 25 жылдан ашык эмгектенип, "Эмгек ардагери" наамын алышкан.

Пикир

Оставить комментарий