• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улуттук статком: “Кыргызстанда эң жогорку эмгек акы Бишкекте”

Экономика 0

Бишкек, 31-март /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Улуттук статистика комитетинин акыркы эсептөөлөрүнө ылайык, Кыргызстандын аймагында эң жогорку эмгек маянасы Бишкекке туура келип, орточо 21671 сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн аталган ведомствонун адистери билдиришти.

Комитеттин статистикалык маалыматтарына ылайык, Бишкектен кийин Жалал-Абад 21336 сом көрсөткүчү менен турат. Тизмени Баткен облусу орточо 11977 сом менен жыйынтыктайт.

Социалдык-демографиялык статистика башкармалыгынын демографиялык статистика бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жайлообаева аныкталган көрсөткүчтөрдөгү айырма республика боюнча экономикалык объектилердин жайгашуусуна байланыштуу экендигин түшүндүрдү. Калктын эмгек акысынын кыйла жогорку деңгээли көпчүлүгү борбордо жайгашкан каржылык жана камсыздоо уюмдарына туура келет. Республика жарандарынын каржы кирешесинин төмөнкү көрсөткүчү билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө, айыл жана токой чарба, искусство жана көңүл ачуу тармагында аныкталган.

“Калктын орточо маянасы кызматкерлердин иш жүзүндө фондго чегерилген эмгек акысын кызматкерлердин санына жана отчеттук мезгилдеги айдын күндөрүнө бөлүү менен эсептелет. Буга байланыштуу жарандарга статистикалык маалыматтар чындыктан алыс көрүнүшү мүмкүн”, - деди Г.Жайлообаева.

Комитеттин статистикалык эсептөөлөрүндө өлко боюнча эркектердин орточо эмгек акысы аялдардын маянасынан 75,3%га көп экени аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий