• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облусунда монолиттик-блоктук модулдарды өндүрүүчү завод курулат

Экономика 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында монолиттик-блоктук модулдарды өндүрүүчү завод курулат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов Facebook`тагы баракчасына жазды.

Улуттук агенттик жана “Роялсафа” жоопкерчилиги чектелген коому аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.

Иинвестициялык долбоордун суммасы 1 млн долларды түзөт. Завод ишке киргенде бир катар жерегиликтүү жарандар иш менен камсыз болот.

Пикир

Оставить комментарий