• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык балбандар Өзбекстанда өткөн эл аралык мелдеште 4 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ташкент шаарында өткөн "Uzbek botirlari Grand Prix" Эл аралык мелдеште 4 медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, анын ичинен бирөө күмүш жана үчөө коло медаль.

60 кг чейинки салмакта катышкан Акыл Сулайманов күмүш медалга ээ болду. Эрмек Каныбек уулу (67 кг), Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) жана Нурмамат Раймалы уулу (97 кг) 3-орунду ээлешти.

Курама команда мелдешке улук машыктыруучу Арсен Эралиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Белгилей кетсек, "Uzbek botirlari Grand Prix-2024" эл аралык мелдеши 24-26-февраль күндөрү болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий