• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте волейбол боюнча клубдар арасында федерациянын президентинин кубогу өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 06.12.23./Кабар/. Күн мурун Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынын президентинин клубдар аралык мелдеши башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген командалар катышууда. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылыш аземине Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, волейбол федерациясынын президенти Эльмурза Сатыбалдиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Белгилей кетсек, жарым финалдык жана финалдык беттештер 11-12-декабрь күндөрү "Газпром балдарга" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий