• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстандык төрт боксчу Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 10.11.22. /Кабар/. Кыргызстандык төрт боксчу Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Бокс боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Санжар Сейдакматов (54 кг), Нурадин Рустамбек уулу (71 кг), Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг) жана Эркинбек Адылбек уулу (86 кг) чемпионаттын жарым финалында күчүн сынайт.

Жарым финалдык беттештер бүгүн, 10-ноябрда Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.

Эскерте кетсек, Азия чемпионаты 30-октябрдан 13-ноябрга чейин Иорданиянын Амман шаарында өтүүдө. Турнирге Кыргызстандын атынан жалпы 12 спортчу аттанган.

Пикир

Оставить комментарий