• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик бюджеттин чыгымдары 10 млрд сомго кыскартылды – Асрандиев

Экономика 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Мамлекеттик бюджеттин чыгымдары 10 млрд сомго кыскартылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Ал белгилегендей, Экономика министрлигинин эсептөөлөрү боюнча, жыл аягына чейин өлкө ИДПсы мурдагы жылга караганда 5,3%га төмөндөй турганы болжолдонууда. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн төмөндөшү - 30 млрд сомдон ашат деп божомолдонууда. Ага байланыштуу мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгү кайра каралган.

"Мамлекеттик бюджеттин чыгымдары 10 млрд сомдон ашык каражатка кыскартылды. Ошол эле учурда бюджеттин корголгон беренелери – бюджеттик кызматкерлердин айлык акылары, пенсиялар, жөлөкпулдар, Социалдык фондго чегерүүлөр толук түрдө сакталды. Бүгүнкү күнгө чейин корголгон беренелер боюнча милдеттенмелер толук кандуу жана өз убагында аткарылууда жана алдыда өкмөт ал милдеттенмелерди план боюнча аткарат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий