• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын 38 ишканасы Өзбекстандын бирдиктүү реестрине катталды

Экономика 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын 38 ишканасы экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында Өзбекстандын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишканалар өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында катталды. Төмөндө экспорттоого мүмкүнчүлүк алган ишканалардын тизмеси:

- сүттү кайра иштетүүчү ишканалар – 14;

- балыкты кайра иштетүүчү ишканалар – 6;

- эт жана эт азыктарын кайра иштетүүчү ишканалар – 7;

- тамак-аш азыктарын кайра иштетүүчү ишканалар – 11.

Пикир

Оставить комментарий