• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 4,75% деңгээлинде сактап калды

Экономика 0


Бишкек, 25.12.18. /Кабар/. КР Улуттук банкынын башкармалыгы жакында эсептик чен өлчөмүн 4,75 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйыны маалында билдирди.

Ал белгилегендей, Улуттук банктын башкармалыгынын мындай чечими учурдагы инфляциялык тобокелчиликтер тең салмактуу болуп, Улуттук банктын божомолдорундай болушу менен шартталган.

“Жаңыланган мааалыматтарды эсепке алуу менен жылдын жыйынтыгы боюнча инфляцияны баалоо төмөндөтүлүп каралды: 2018-ж. декабрь/2017-ж. декабрдагы инфляция 1,0%дын тегерегинде болуп, 2019-жылдын экинчи жарымында инфляция ички жана тышкы күтүүсүз өзгөрүүлөр (шоктор) болбосо акча-насыя саясатынын максаттуу орто мөөнөттүү көрсөткүчүнө 5-7%да кирет. Ушул жылдын мартынан тарта Кыргызстанда төмөнкү инфляция байкалууда. Азык-түлүк товарларынын төмөнкү баалары инфляциянын динамикасынын негизги фактору болуп калууда. Азык-түлүк эмес товарлар тобуна болгон баанын жогорулашы акырындап жайлап жатат. Декабрда (14но карата) инфляциянын жылдык белгилениши 0,3%ды түздү”, - деди ал.

Улуттук банктын төрагасы белгилегендей, ички суроо-талап реалдуу маянанын туруктуу өсүшү жана өлкөгө келген акча которуулардын он динамикасынын аркасы менен камсыздалууда.

Пикир

Оставить комментарий