• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматынын маалымат борборуна жыл башынан бери 49 миң салык төлөөчү кайрылган

Экономика 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. 2018-жылдын 10 айында Мамлекеттик салык кызматынын маалымат борборуна 49 миң 1 салык төлөөчү салык салуу чөйрөсүнө тийиштүү актуалдуу маселелер боюнча кеңеш алуу үчүн, ошондой эле ар кандай түрдөгү маалыматты сурап-билүү менен кайрылган.

Ведомствонун маалыматы боюнча, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 миң 624 чалууга көп, былтыр 44 миң 377 чалуу болгон.

Салык төлөөчүлөр көбүнчө ЕАЭБдин алкагында салыктарды тескеп-башкаруу жана салык салуу боюнча башка маселелер менен кайрылышкан. Мисалга алсак, 30%га жакын чалуулар – салык салынуучу жеткирүүлөр боюнча КНСти тескеп-башкаруу жана чалуунун 25% – импортко КНСти тескеп-башкаруу маселелери менен байланыштуу болгон.

Ошондой эле, жарандардын 10% жакыны Бирдиктүү салык декларациясын толтуруу жана берүү, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелерин жана чыгымдарын декларациялоо маселелери боюнча болду.

Айрымдары сатуу салыгы, жергиликтүү салык (мүлк салыгы, жер салыгы), салык жол-жоболорун фискалдаштыруу (электрондук патент, ККМ онлайн, электрондук эсеп-фактура) ж.б. маселелер боюнча кайрылышкан.

МСКнын Маалымат борборунун кызматкерлери тарабынан жарандардын бардык суроолоруна тийиштүү түшүндүрмөлөр берилди.

Эскерте кетсек, 2012-жылдан тартып өлкөбүздө Салык кызматынын 194 номерлүү Маалымат борбору иштеп жатат. Чалуулар Кыргызтелекомдун абоненттери үчүн бекер, мобилдүү телефондон уюлдук операторлордун тарифтик планына ылайык төлөнөт.

Маалымат борбордун негизги максаты – бул салык мыйзамдарынын ченемдерин колдонууда салык төлөөчүлөргө түшүндүрүү жана көмөктөшүү боюнча сапаттуу кызматтарды көрсөтүү, салык кызматынын ишмердиги жөнүндө ар түрдүү маалымдама маалыматтарды ыкчам берүү, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн салык маселелериндеги сабаттуулугун жана маалымдуулугун жогорулатуу.

Пикир

Оставить комментарий