• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Замандаш” Ассоциациясына жаңы төрага дайындалды

Коом 0

Бишкек, 26.11.18 /Кабар/. “Замандаш” Ассоциациясынын мүчөлөрүнүн кезексиз жалпы жыйынында төрага алмашып, төрагалыкка Абдрасул Айдаров келди. Ал ассоициацияны түзүүнү демилгелегендердин бири, 2003-жылдан бери Башкармалыктын мүчөсү болгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ассоциациянын активисттери жана мүчөлөрү билдиришти.

Жалпы жыйында Ассоциацияны көп жылдар жетектеген Кадырбек Бусурманкуловду ардактуу президент кылып калтыруу чечилген.

“Замандаш” кыргызстандыктардын жана мекендештердин эл аралык конгресси” Ассоциациясы чет элдеги кыргыз мекендештердин биринчи ири бирикмеси болуп, миграция маселеси боюнча иш алып барат. Уюм жакынкы жана ыраакы чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандык мекендештерге укуктук, уюштуруучулук, кайрымдуулук жардамын көрсөтөт. Мындан тышкары, алар кыргыз элинин маданияты менен салттарынын сакталышына көмөк кылышат. Өзү иштеген 15 жыл аралыгында “Замандаш” Ассоциациясы 90дон ашык диаспоралык уюмдарды жана дүйнөнүн 52 өлкөсүндө турган мекендештердин башын бириктирген. КРнын миграция жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча 200дөн ашык демилге менен сунуш иштеп чыккан.

Ассоциациянын мүчөлөрү жаңы төраганы тандоо уюмдун ишмердигине жаңы дем берет деген ишенимде.

Пикир

Оставить комментарий