• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Жыл башынан бери Кыргызстандын Түркиядагы 62 жараны пенсия алууга арыз берген

Коом 0

Бишкек, 23.11.22./Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын он айында Түркияда жашаган 62 кыргызстандык Кыргызстанда иштеген жылдары үчүн пенсиялык топтоо алуу үчүн арыз берген. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген 2020-жылдын 1-ноябрынан тартып Соцфонддун дарегине 115 суроо-талап келип түшкөн.

Анын ичинен 105 суроо-талап иштелип чыгып, тиешелүү жооптор берилди.

Пикир

Оставить комментарий