• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркиялык компания Кыргызстандын авиация рыногун өнүктүрүүгө инвестиция салууга кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 01.11.23. /Кабар/. Түркиялык CEO 3C international & Blue Jet Airways компаниясы Кыргызстандын авиация рыногун өнүктүрүүгө инвестиция салууга кызыкдар. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунун вице-президенти Болотбек Дыйканбаев менен аталган компаниянын негиздөөчүсү жана башкы директоруВейсел Жеңгиздин жолугушуусунда айтылды.

Фонддун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууга ошондой эле "Кыргыз аба жолдору" мамлекеттик авиакомпаниясынын вице-президенти Абдулазиз Ботбаев да катышкан.

Жолугушууда Кыргызстандын туристтик потенциалы, өлкөнүн туристтик аймак катары жагымдуулугу жана Кыргызстанга инвестиция салууга ниеттенген инвесторлор үчүн артыкчылыктар тууралуу сөз болгон.

"CEO 3C international & Blue Jet Airways компаниясы жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү аба ташуу менен алектенет. Аталган компания кыргыз авиакомпаниялары менен биргеликте Кыргызстандын авиация рыногун өнүктүрүүгө инвестиция салууга кызыгууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий