• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин Октябрь району жарыктандырылды — мэрия

Коом 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын адистери Октябрь районунда тышкы жарык тармактарын курууну улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда №5 кичи районунун №3 үйүнүн, №11 кичирайонун № 11/1, № 17, № 18 жана № 6 кичи районун № 7, № 8, № 9 үйлөрүнүн короолорунун ичи жарыктандырылды. Ал жерге 58 чырак жана 58 темир түркүктөр орнотулуп, 1 миң 450 метр электр линиялары тартылды.

"Ошондой эле Аламүдүн 1 кичи районундагы №1 мектептин окуучуларынын коопсуздугу үчүн адистер мектептин айланасын тосту. Узундугу 300 метр болгон темир тосмо ишкананын цехинде жасалып, орнотулду", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий