• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элчи Казакбаев Түркиянын айыл чарба жана токой чарба министри менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 19.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын айыл чарба жана токой чарба министри Ибрагим Юмаклы менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар айыл чарба жана токой чарбасы жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелерин, ошондой эле Кыргызстандан Түркияга айыл чарба продукцияларын экспорттоо жана бул жаатта тажрыйба алмашуу маселелерин кеңири талкуулашты.

Элчи Казакбаев Кыргызстандын балы менен өрүгүнө бажы төлөмдөрүн төмөндөтүү, ошондой эле эт азыктарын ташып келүүгө тыюу салууну алып салуу аркылуу Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Түркияга экспорттоону көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Тараптар кыргызстандык дыйкандарды төө буурчактын үрөнүн жана буудайдын элиталык сорттору менен камсыз кылуу, аквакультураны өнүктүрүү боюнча окуу борборлорун уюштуруу, ошондой эле органикалык айыл чарба, мал чарбачылыгы жана кооперативдерди өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Элчи Казакбаев менен министр Ибрагим Юмаклы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу пландарын да талкуулашты. Түрк тарап Кыргызстандын айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун атынан Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келүүгө чакыруу алды.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн Айыл чарба министрликтеринин жумушчу топторунун онлайн жолугушуусун уюштурууну, ошондой эле ветеринардык коопсуздук жаатында кызматташуу боюнча Меморандумду түзүү мүмкүнчүлүгүн иликтөөнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий