• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Абыкеев: “Камбар-Ата-1” ГЭСин үч боордош мамлекет биргелешип курууга бел байлаганы туура чечим

Коом 0

Кыргыз бийлиги “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга 10 жылдан ашык убакыттан бери аракет кылып келет. Алгач 2009-жылы Кыргызстан менен Орусия "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу боюнча макулдашкан. Бирок курулуш иштери башталган эмес. Кийин 2012-жылы Алмазбек Атамбаев бийлиги тушунда Орусия менен макулдашылып, үч жылдан кийин Атамбаев Орусия ГЭС курбай турганын айтып, 2016-жылы орусиялык "РусГидро" компаниясы жүрүп жаткан иштерди кечеңдеткендиктен, Кыргызстан келишимди бир тараптуу бузган. Андан кийин 2018-2019 жылдары Сооронбай Жээнбеков бийлиги да “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга аракет кылганы менен майнап чыккан эмес.

Ошентип дээрлик 10 жылдан ашык убакытка созулган кыйынчылыктарга карабастан Кыргызстан быйыл “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун баштады. 2022-жылдын жай айында Садыр Жапаровдун катышуусунда ГЭСтин курулушун баштоо аземи болуп өтүп, президент өз сөзүндө: "Бүгүн биз өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун жана көз карандысыздыгын камсыз кыла турган Борбордук Азиядагы эң ири ГЭСтердин бирин курууну баштап жатабыз!" деп билдирген. Ошентип, боордош үч республиканын энергетика министрлери Чолпон-Атада өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жайкы саммитинде Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев кабыл алган чечимди иш жүзүндө ишке ашырууга киришти.

Ал арада “стратегиялык долбоорду эмне үчүн Кыргызстан өзү курбайт?” деген да сурооолор талкууга алынууда. “Кабар” агенттиги да бул суроо менен президенттин кеӊешчиси Чолпонбек Абыкеевге суроо узатып, жооп ала алдык.

— Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын энергетика министрлери чогулуп, “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча келишимге кол коюшту. Ошентип, “Камбар-Ата-1” ГЭСин үч коңшу мамлекет биргелешип курмай болушту. Бирок биздин коомчулукта бул жаңылыкты ар кандай кабыл алышууда. Бир топтору “Эл башы болгончо, суу башы бол деген сөз бар, биз суу башында турабыз, өзүбүздүн ГЭСти өзүбүз эле курбайбызбы” деп чыгышты. Буга кандай пикир айтаар элеңиз?

— Ооба, үч боордош мамлекеттин тармактык министрлери келишимге кол коюшту. Бул эң туура чечим болду деп ойлойм.

Эмне үчүн? Себеби, буга чейин деле биздин суулар коңшу мамлекеттерге агып, бекер эле кетип жатпады беле. Андан көрө бүгүнкүдөй дүйнө жүзү ааламдашып жаткан маалда боордош коңшулар менен жармакташа иш кылып, биргелешип чоң долбоорлорду бүткөрсөк жаманбы? Суу биздин аймакта, курула турган ГЭС, курулмалар, баардык техникалар биздин аймакта болот. Бул ири долбоорду чогуу ишке ашырып, пайдасын коңшулар менен чогуу көрсөк, менимче, эң эле туура болот.

Биз учурда кайсы тармак болбосун реалдуу инвесторлорго абдан муктажбыз. Эми келип, “чогуу куралы” деп жаткан реалдуу инвесторлорду кармап калышыбыз керек. Болбосо, мынакей ошол эле Ат-Башыдагы логистикалык борбор куруп берем деген инвесторду ортодогу эле эл бузарлар кыйкырып чыгып, элди дүрбөтүп атып, айнытып салышканын билесиздер. Эки жыл мурун президент Ат-Башыга барып, эл менен жолугушуп, ошол долбоор боюнча жакшынакай түшүндүргөндө эл туура кабыл алышпады беле. Бирок “Жоо кеткен соң, кылычыңды ташка чап” дегендей, баары кеч болуп калыптыр. Логистикалык борбор куруп берем деген инвестор таптакыр айнып, бизге келүүдөн баш тарткан экен. Эми ушинтип ортодогу өз кызыкчылыгын ойлогон бузукулардын тилине кирип, келген инвестордун баарын качырып жүрө беребизби. “Чакырганга келбеген, ымдаганга зар болот” дегендей, куруп берем деп келгендерди качырып олтуруп, мына минтип ымдаганга зар болуп жатабыз. Инвесторлор куруп берет, курулган объект бизде өмүр бою калат, инвестор аны көтөрүп кетпейт да. Кудай буюрса, Нарын дайра ага берет, анан аны туура пайдаланып, экономикалык пайда көргөнүбүз оң болгону турат.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга болжол менен 6 миллиард доллар керек экен. Үч мамлекет 2 миллиарддан чыгарып, бул ГЭСти куруп бүтүрсө, баарыбызга пайда да. Эл аралык стандарттарга ылайык эл аралык макулдашуулардын өз мөөнөтү болот. Ал мөөнөттө тараптар пайдасын алышат. Андан соң “Камбар-Ата-1” ГЭСи Кыргызстандын ээлигинде түбөлүк калат. Кийинки муундарга жүзүбүз жарык болот. Мындай чоң-чоң долбоорлорду ушул сыяктуу жолдор менен ишке ашырбасак, анда алакан жайып эле отура беребизби.

Анын үстүнө бул биринчи кезекте бизге зарыл долбоор. Алар бизге эмес, биз аларга сунуш менен кайрылдык.

Андан көрө азыркыдай электр кубаты менен өлкөнү толук камсыз кылуу күн тартибинде эң көйгөйлүү маселе болуп турганда, бул ГЭСтин ишке кириши абдан эле пайда болот. Бекеринен “Камбар-Ата-1” кыргыз энергетикасынын флагманы болот деп айтылып жаткан жери жок да.

Демек, аталган ГЭСти үч боордош мамлекет биргелешип курууга бел байлаганы эң эле туура чечим болду десек болот.

Пикир

Оставить комментарий