• 88.68
  • 95
  • 0.95

2019-жылы 110 социалдык объекттин курулуш иштери бүткөрүлгөн

Коом 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Былтыр Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги тарабынан 223 социалдык объекттин курулушу жүргүзүлдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик курулуш, архитектура агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев билдирди.

"Алардын ичинде 139 мектеп, 29 бала бакча, 9 саламаттык сактоо, 8 маданият тармагындагы, 16 спорт, 9 башка тармактагы объект бар", - деди ал.

Ал белгилегендей, 223 объектти каржылоого 2 млрд сомго жакын каражат жумшалган. Аталган объекттердин 110 объектисинин курулуш иштери бүткөрүлгөн.

"Алардын ичинен 51и жаңыдан курулду, 36 объектте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Таза суу менен камсыздоо боюнча 15 объект курулду. Алар 23 айылды камтыйт", - дейт ал.

Анын айтымында, жаңы курулган 51 объекттин ичинде 31 мектеп жана ага кошумча курулган спорттук залдар, 2 бала бакча, 2 турак жай, 6 саламаттык сактоо, 1 маданият тармагындагы, 4 спорттук жана 5 башка объект бар.

Пикир

Оставить комментарий