• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өтмөк ашуусунун 5 чакырым жолуна асфальт төшөлүүдө — транспорт министри

Коом 0


Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өтмөк ашуусунун жолу асфальтталууда. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунун жолу асфальтталууда. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №36 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери иштеп жатышат.

"Жолдун 5 чакырым тилкесине асфальт жаткыруу жумуштары күн мурун башталган. Учурда 10 атайын техника жана 20дай жолчу иштеп жатат. Негизинен асфальт төшөө иштери бир айга пландаштырылган. Бирок аба ырайы жакшы болуп, каржылоо үзгүлтүккө учурабаса жумуштар 2 жуманын ичинде жыйынтыкталат", - деп жазды ал.

Пикир

Оставить комментарий