• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жакында Каракол шаарында кинотеатр ишке кирет

Коом 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Каракол шаарында 30 жылдан ашуун убакыт иштебей турган кинотеатр жакында ишке кирет. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, караколдук ишкер тарабынан ижарага алынганы менен “Ысык-Көл” кинотеатры кароосуз калып, көп жылдар бою иштебей турган.

"2021-жылы ишкер имаратты ондоп-түзөөдөн өткөрүп, кайра иштетүүгө долбоор жазып Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна кайрылган. Долбоор колдоого алынып, 18 млн сом каражат бөлгөн. Мындан сырткары, ишкердин өздүк салымы бар. Аталган каражатка кинотеатр толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Тактап айтканда, чатыры алмаштырылып, ички жана тышкы жасалгалары оңдолду, электр линиялары жана сантехникалык түтүкчөлөрү толугу менен жаңыртылды. Ошондой эле, тасма көрсөтүү үчүн тийиштүү жабдыктар сатып алынды.

Имараттын дубалынан тартып бардык бөлүктөрү оңдоодон өтүп, ондоо учурунда бардык коопсуздук талаптары эске алынды.

Учурда оңдоо иштери 90 пайызга аяктап калды. “Ысык-Көл” кинотеатры облустагы ири кинотеатрлардын бири. Кинотеатрдын ишке кириши менен 100гө жакын жумуш орду түзүлмөкчү. Кинотеатрда 6 тасма залы бар. Бир учурда 400 жакын көрүүчүнү кабыл ала алат.

Ошондой эле балдар үчүн оюн-зоок аянтчасы жана дүкөндөр болмокчу.

Пикир

Оставить комментарий