• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жактоочу сотко мас абалында келген, Акыйкатчы анын лицензиясын жокко чыгарууну өтүнөт

Коом 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Акыйкатчы институту бир жактоочунун лицензиясын жокко чыгарууну өтүнөт.

Ведомстводон билдиришкендей, бир катар кылмыштарды жасаган деп айыпталган соттолуучу Р.Т. КР Акыйкатчысынын аппаратына анын кылмыш ишин кароодо Панфилов райондук сотунун отурумуна мониторинг жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылган.

2021-жылдын 3-декабрында болуп өткөн сот отурумуна мониторинг жүргүзүүдө соттолуучу Р.Т. жактоочусу - К.Ж.Раимкулов соттук отурумга алкоголдук ичимдик ичип, мас абалында келген (ал тайсалдап, андан спирттин кескин жыты чыккан). Бул факты боюнча Акыйкатчы аппаратынын кызматкери тарабынан акт түзүлүп, актыга сот процессинин 14 катышуучусу кол койгон.

КР Акыйкатчы институту жактоочу К.Ж. Райымкулов КР адвокаттарынын кесиптик этика кодексинин талаптарын, тактап айтканда, 3.6-пунктунда “адвокат юридикалык жардам көрсөтүүдө жүрүм-туруму мыйзамдын талаптарына, моралдык жана этикага ылайык келүүгө тийиш” деген талаптарын одоно бузган. Алкоголдук мас абалында сот отурумунда болуу моралдык жана этика нормаларына туура келбейт. Мындан тышкары, бул жактоочу адвокаттардын кесиптик этика кодексинин башка нормаларын бузган – мас абалында соттолуучуга өзүнүн мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтө алган жок, унчукпай макулдук берүү менен чектелди.

КР Конституциясынын 109-беренесин жетекчиликке алып жана КР Акыйкатчысы жөнүндө мыйзамына ылайык, Акыйкатчы институту КР Адвокаттар коллегиясынын этика боюнча комиссиясына кайрылып, адвокат Раимкулов Канат Жолдошбековичке карата тартиптик өндүрүштү козгоп, тартип жоопкерчилигине тартып, анын адвокаттык иш жүргүзүүгө лицензиясын жокко чыгаруу боюнча сунушун жөнөттү.

Пикир

Оставить комментарий