• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Калыс-Ордо конушундагы социалдык шаарчанын курулушу аяктап калды

Коом 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Бишкектин Калыс-Ордо жаңы конушундагы социалдык шаарчанын курулушу аяктап калды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Маалыматка ылайык, "Ассанабил" кайрымдуулук фондунун эсебинен курулуп жаткан социалдык шаарчанын курулушу менен Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов таанышты.

Калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн 15 турак жай имаратынын (30 үй-бүлөгө), медициналык амбулаториянын (ВАП) курулушу дээрлик аяктап, бир нече объектилердин ички жасалгасы калган.

Ошондой эле мектеп жана бала бакча куруу пландалып, курулуш долбоорлору экспертизадан өтүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы менен "Ассанабил" кайрымдуулук фондунун ортосунда меморандумга кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий