• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Некролог — Баткен шаардык күзөт бөлүмүнүн башчысы мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. 2020-жылдын 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин күзөт кызматынын түштүк башкармалыгынын Баткен шаардык күзөт бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын капитаны Хасан Абдуллаев 49 жаш курагында илдеттен улам дүйнө салды.

Ал өмүр бою ички иштер кызматында эмгектенип, өмүрүн өлкөнүн коопсуздугуна арнады. Жалпы элибиздин, мамлекетибиздин башына келген оор кырдаалда тыным албай, күн-түн эмгектенди.

Өлкөдөгү акыркы эпидемиологиялык кырдаалда жарандарыбыздын коопсуздугу үчүн ички тартипти сактоого зор салым кошту. Кызматтык милдеттерин чоң жоопкерчилик менен аткарды.

Тилекке каршы бул коптуу илдетке кабылып, көрүлгөн аракеттерге карабай дүйнө салды.

Өкүнүчтүү, элибиз чыныгы мекенчил, эл жер үчүн кызмат кылган, мыкты уулубуздан ажырадык.

Хасан Шарипович, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун. Маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

А. Абдрахманов, Ж. Максутов, Ч. Саттарова, М. Насиров.

Пикир

Оставить комментарий