• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абаддагы райондордо стационардык борборлор ачылып, 2 миңге жакын орундук даярдалды

Аймак 0

Бишкек, 14.07.20 /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагындагы эпидемиологиялык абалды жөнгө салуу максатында, облустун аймагында жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөр менен биргеликте күндүзгү станционарга жалпы 1962 койка-орун даярдалды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

"Өлкө аймагында коронавирус оорусуна жана өпкөнүн сезгенүүсүнө (пневмония оорусуна) чалдыккан жарандардын саны күн сайын өсүп жаткандыгына байланыштуу, жарандарга медициналык жардамды көрсөтүүнү тездетүү жана ыкчам уюштуруу максатында Жарандык коргонуунун кызматтары тарабынан бир топ иш-чаралар уюштурулуп, өз күч каражаттарынын жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен биргеликте күндүзгү стационар орундары даярдалды", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күнү облус боюнча бардыгы болуп 1962 күндүзгү стационардык койка-орундар жана 202 кислороддук концентратор, 45 даана ИВЛ даярдалып, анын ичинен 1731 койка орун азыркы учурда ишке киришип тиешелүү шарттар түзүлгөн, ал эми 231 койка-орун резерв катары турат.

Учурда толук камдуу иштеп жаткан койка орундар:

- Сузак району боюнча – 405 койка-орун;
- Базар-Коргон району боюнча – 265 койка-орун;
- Ноокен району боюнча – 251 койка-орун;
- Токтогул району боюнча – 198 койка-орун;
- Аксы району боюнча – 203 койка-орун;
- Ала-Бука району боюнча – 224 койка-орун;
- Чаткал району боюнча – 61 койка-орун;
- Тогуз-Торо району боюнча – 25 койка орун;
- Жалал-Абад шаары боюнча – 162 койка-орун.
- Таш-Көмүр шаары боюнча - 70 койка-орун;
- Майлуу-Суу шаары боюнча -50 койка-орун;
- Кара-Көл шаары боюнча – 48 койка-орун.

Жогоруда аталган орундарды даярдоо үчүн, КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан:
- матрац – 688;
- жаздык – 688;
- шейшеп – 1350;
- жууркан– 688;
- жууркан сырт (пододеальник) – 162;
- жаздык сырт – 694;
- Чатыр 10 орунду -16 даана,
- Чатыр 5 орунду- 5 даана,
- Чатыр 30 орунду -2 даана,

- 1 мобилдик турак үй бөлүнүп берилип, жерине жеткирүү уюштурулуп, орундарды даярдоого көмөк көрсөтүлгөн.

Ошондой эле күндүзгү стационар орундарды көбөйтүү боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий