• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар бузулууда

Аймак 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Ошто кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар бузулууда, деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Мааыматка ылайык, бүгүн Алиев көчөсүндө кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери башталды.

Жумуштардын алкагында Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан жол боюнда жайгашкан жана жолго чейин чыгып кетекен жеке турак үйлөрдүн 10го жакын мыйзамсыз тосмолору, чарбалык курулуштары сүрдүрүлүп алынды.

Кызыл сызыктан сырткары чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштарды алып салуу жумуштары шаардын бардык аймактарында улантылат.

Пикир

Оставить комментарий