• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК бир катар соттолгон адамдарга мунапыс колдонуу жөнүндө мыйзам долбоорун III окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн «КР Конституциясын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана адам укуктарынын Жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» мыйзам долбоорун III окууда карап, кабыл алды.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова мыйзам долбоору боюнча маалымат берди.

Белгилүү болгондой, мыйзам долбоору менен анча оор эмес жана оор кылмыштар үчүн соттолгон тѳмѳнкү адамдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндѳгү жазык жазадан бошотуу сунушталат:

- 60 жаштан ашкан эркектерди жана ошондой эле 55 жаштан ашкан аялдарды;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарды;
- жашы жетелек экиден кем эмес балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майып балдары бар үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган адамдарды;
- анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдарды;
- жалгыз бой эне болуп саналган аялдарды;
- көп балалуу аялдарды;
- ушул мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан аз мөөнөттү түзгөн аялдарды жана жашы жетелектерди бошотуу сунушталат.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаты Коргонбай уулу Жусупбек тарабынан демилгеленген.

Пикир

Оставить комментарий