• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Минскте ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны башталды

Саясат 0


Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин сессиясына (ЖККУ ЖКК) катышуу үчүн Минск шаарындагы Эгемендүүлүк сарайына келди.

Иш-чарага келген өлкөлөрдүн лидерлерин Беларустун президенти Александр Лукашенко тосуп алды.

Саламдашуу аземи менен чогуу сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүштү.

ЖККУ ЖККнын ишине Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов катышууда.

Пикир

Оставить комментарий